Өмүрбек Бабановдун жээни Жаныбек Мырзабаевди Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматы беш саат суракка алды. Бул тууралуу «Республика» партиясы билдирди.
Маалыматка караганда, Жаныбек Мырзабаев «Кыргызстан» банкы боюнча күбө катары суралды.
Партия Жаныбек Мырзабаевдин сурагын Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келишине карата кысым катары кароодо.
Кечээ «Кыргызстан» банкынын мурдакы акционерлери дагы сурак бергени маалымдалат.