06:42
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бабанов саясатка аралашпайм деп, Бишкек, Нарын, Таласта митинг даярдап жатат

13-апрелде Бишкек гана эмес, Нарын, Талас, Караколдо митинг өтөт. Бул тууралуу жарандык активист Эдил Байсалов билдирди.

Анын айтымында, маалыматты «Республика» партиясынан ырасташты.

Буга чейин Өмүрбек Бабановдун тарапташтары Бишкек шаарында 10 миң киши чогулган митинг өтөрүн маалымдашкан.

Өмүрбек Бабанов өзү бир жыл мурда саясаттан кеткенин жарыялап, андан кийин дагы бир нече жолу аны саясатка аралаштырбоону өтүнгөн.

«Коммерсант» гезитине берген маегинде Өмүрбек Бабанов бийликке бир нече шарт койгон. Ал ага каршы козголгон кылмыш ишин токтотууну талап кылат. Ошондо ал бийлик менен инвестиция тартуу жагынан кызматташууга даяр. Болбосо, өзүнүн саясатка кайтып келерин жана балким экс-президент менен кайра байланыш түзүү мүмкүнчүлүгүн божомолдойт.

Эң көп окулган жаңылыктар