17:48
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өмүрбек Бабанов ишемби күнү Бишкекке учуп келет

Өмүрбек Бабанов 13-апрелде саат 14:50дө «Манас» аэпортуна келип конору белгилүү болду.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылы Кыргызстандан чыгып кеткен. Кечээ анын НТС телеканалынан акыркы 1,5 жылдан бери берген маеги көрсөтүлдү. Бабанов бийликти талабы менен Кыргызстанга келбей, мандатын тапшырып, саясаттан баш тартканын айтты.

Эскерте кетсек, буга чейин Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир Темир (Он-Адыр) кичи районунун жашоочулары менен жолугуп, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүргүзүүдө Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасады жана Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу деген кине менен айыпталып, кылмыш иши козголгон. Бирок, издөө жарыяланган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар