19:58
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өмүрбек Бабановго мандатын тапшырып, бир жыл өлкөгө кирбөө талабы коюлган

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго мандатын тапшырып, саясаттан кетүүгө бийлик мажбурлаган. Бул тууралуу саясатчы өзү НТС телеканалына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылкы шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен. Анын атынан Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Шарипов менен Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев сүйлөшкөн.

«Мага мандатын тапшырсын, саясаттан кетсин, бир жыл өлкөгө келбесин деген талап коюлган. Алардын талабын аткардым», — дейт Өмүрбек Бабанов.

Ал жакынкы күндөрү Кыргызстанга келет.

«Менин жакындарым азыркы президент менен сүйлөшүп жатышты... Орусия президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапары учурунда жана КСДП курултайы, талаш-тартыш күчөп турган учурда келбейт болчумун. Ушул жума бүткөн соң, жакында барам. Мен өз ыктыярым менен келем, мени камап, бул үчүн мамлекеттик акчаны жумшап, кайтарып эмне кылат? Мен качпайм. Бирок камайбыз десе, бүгүнкү бийлик өздөрү чечим кабыл алат», — деди Бабанов.

Ал өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча тергөөчүлөргө жооп берүүгө, Кыргызстанга келгенден кийин инвестиция тартууга даяр экенин билдирди.

Өмүрбек Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Анын бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде козголсо, кийин «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш ачылган. УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтса, мыйзам боюнча жоопко тартыларын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар