10:19
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Токмоктогу ок атышуу. Кылмыш иши сотко өттү

Токмок шаарына жакын аймакта ок атышуу боюнча козголгон кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Чүй ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тергөө иши аяктады.

«Дастан Бейшенкуловго «Пара талап кылуу», «Адам өмүрүнө кол салуу», «Бейбаштык» беренелери боюнча айып тагылды. Кылмыш иштин экинчи катышуучусуна «Бейбаштык» беренеси боюнча күнөө коюлду. Кылмыш иши Токмок шаардык сотуна өткөрүлдү», -деп билдиришти ОИИББдан.

Эске салсак, 25-январда Токмок шаарына жакын жерде ок атышуу болуп, эки жаран жаракат алышкан. Алардын бири дароо ооруканага түшсө, экинчиси кийинчерээк келген.

Эң көп окулган жаңылыктар