Бишкекте Honda Accord жана Nissan үлгүсүндөгү унаалар кагышып, кесепетинен 2 киши жаракат алды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ Ибраимов менен Фрунзе көчөсүндө катталган.
58 жана 31 жаштагы жабырлануучулар ооруканага жеткирилди.