04:59
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Кадамжайда окуучулар бычакташып, үч бала жаракат алды

Баткен облусуна караштуу Кадамжайдагы А.Шамурзаев атындагы орто мектепте ар башка айылдардан келип окуган окуучулардын ортосунда жаңжал чыгып, үч бала жаракат алды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя Бирлик айыл өкмөтүндө болгон.

Сур жана Кыргыз Кыштак айылынын тургундарынын ортосунда пикир келишпестик орун алып, өспүрүмдөр мушташып, бычак колдонууга чейин барышкан. Кесепетинен 16 жана 17 жаштагы үч бала жаракат алып, ооруканага түштү.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби