Бишкектин «Мурас-Ордо» конушунда жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу мэриянын жыйынында маалым болду.
Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Ренат Айтымбетовдун айтымында, мектептин курулушу 2017-жылы башталган. Мектеп 550 орундукка ылайыкташтырылган. Мектептин курулуш иштерин аяктап, падаланууга берүү үчүн 126 миллион сом керектелүүдө.
Мектептин жалпы баасы 255 миллион сомдон ашуун каражатты түздү.