06:13
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

ИИМдин кызматкерлери миллион сомдон ашык акчаны кымырып алган

Ички иштер министрлигинин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери 1 миллион 40 миң сомду кымырып алган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек шаардык прокуратурасы менен ИИМдин Ички иликтөө кызматы административдик мыйзам бузуудан жана виза режимин бузган чет өлкөлүктөр төлөгөн айыптан түшкөн каражат кымырылган коррупциялык схеманы аныкташты.

Алынган маалыматка ылайык, 2015-жылдан 2018-жылга чейин ИИМдин Ленин, Свердлов райондорунун ички иштер башкармалыктарынын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери «Р» аттуу компания менен келишип алып, 104 мыйзам бузуудан 1 миллион 40 миң сом кымырышкан. Алар айып катары төлөнүүчү акчаны «Р» компаниясынын кассасы аркылуу өздөрүнө алышкан. Бул кылмышты жашырыш үчүн кийин документтерди жок кылышкан.

Учурда факт боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет соттук өндүрүшкө чейинки тергөөнү баштап, иш Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Эң көп окулган жаңылыктар