07:36
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Министр ооруканада жаткан Асланайым Ашырованын абалы менен таанышты

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында бутун кокустатып алып ооруканада жаткан жаачы Асланайым Ашырованын абалынан кабар алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка таянсак,  министр өкмөт башчынын атынан салам айтып, жаачыга сакайып кетишин каалады.

«Биз сиздин тезинин сакайып кетишиңизге тилектешпиз. Сиздин оюндар учурунда кырсыктаганыңызды угуп, кайгыруу менен кабыл алдык. Сизге бекем ден-соолук жана күч-кубат каалайм» — деди министр.

Эске салсак, «Көчмөндөр ааламы» фестивалында кыргызстандык жаачы Асланайым Аширова жаракат алып, бутуна операция жасалган. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума