09:58
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Көчмөндөр ааламы» фестивалында кыргызстандык жаачы жаракат алды

«Көчмөндөр ааламы» фестивалында кыргызстандык жаачы Асланайым Аширова жаракат алды. Бул тууралуу социалдык түйүнгө фестивалдын катышуучусу жазды.

Спортчу айым бутун кокустатып алган. Ал өзүнүн Фейсбук баракчасына маалыматты тастыктап жазды. Айтымында, анын бутуна операция жасалат.

Этно оюндардын конфедерациясынан билдиришкендей, Асланайым Аширова даярдык маалында атка минип кырсыктаган.

«Кызга алгачкы жардам көрсөтүлдү. Анын буту сынып кеткен». -деп жазылат билдирүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар