12:35
USD 79.04
EUR 93.73
RUB 1.05

Аяна Кадырбекова: Арабиядагы фестивалда жаа атуу өнөрүн кыргыздар эле көрсөттү

Жакында Сауд Арабиясында падыша Салман ибн Абдул-Азиз атындагы жыл сайын өтүүчү «Сamel Fest» фестивалына 90дон ашык өлкө менен бирге кыргыз өнөрпоздору, спортчулары катышып келди. Кыргызстандын өкүлдөрү үчүн эң көп — 2000дей квота бөлүнүп, 15 гектар жер аянт каралды. Арасында этно өнөрдү тартуулаган Салбуурун федерациясы да болду.

Болочоктогу журналист Аяна Кадырбекованын жаа атуу өнөрүн аркалаганына 4 жыл болот. Ал 24.kg агенттигине Арабиядагы фестивалдан алган таасирлеринен тарта жаа өнөрүнүн күңгөй-тескейин баяндап берди.

— Жаа атуу өнөрүнө кантип аралашып калдыңыз?

— Биринчи курста Улуттук университетте окуп жүргөн кезде, Салбуурун федерациясынын семинары болуп калды. Ошол убакта биздин устатыбыз Нурнуска Кадырова 7 облустан кыздарды тандап жүрүптүр. Менин кыймыл-аракетим, активдүүлүгүм жана сырткы келбетим баардык талаптарга жооп бергендиктен, чогуу иштешип калдык.

2015-жылы 21-мартта Ош шаарында тушообуз кесилип, биринчи жолу колума жаа алгам. Бул нерсе кыргыздын канында бар экен, тез эле кызыгып кеттим. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна, Манас оюнуна жана башка шоу-программаларга катышып келдим.

Аяна Кадырбекованын жеке архивинен алынды
Фото Аяна Кадырбекованын жеке архивинен алынды

— Арабиядагы ийгиликтериңер тууралуу айтып берсеңиз, араб элин таң калтырган кандай көз ирмемдер болду?

— Аталган фестивалда кол өнөрчүлөр өздөрүнүн буюмдарын элдин сынына коюшту, спортчулар ар кандай улуттук оюндары көрсөттүк. Иш чаранын негизги максаты — араб эли менен дүйнө элинин достук мамилесин чыңдоо болду. Арабдар искусстводон такыр алыстап, атүгүл алыскы айылдарында сабатсыздар дагы бар экен.

Падышачылык элинин аң-сезимин көтөрүү, искусствого жана дүйнөнүн башка маданияттарына аралаштыруу максатында фестиваль өткөрдү.

Иш-чара абдан жогорку деңгээлде өттү. Биз дагы өз кезегинде мойнубузга алган милдетти актап, кыргыз элин даңазалап, жакшы жагыбызды көрсөтөлү деп тикебизден тик туруп кызмат кылдык. Бир күн да тынбай даярдандык. Ал жакта шамал, күн ысык болгонуна карабай, кыргыздар эң жогорку деңгээлде өнөрлөрүбүздү тартууладык.

Арабдарга баары жагып, улуттук кийимдерге, кыргыздын сулуу кыздарына көз артышты.

Салбуурун федерациясындагы тайгандар, бүркүттөр, алгыр куштар... Дегеле куш салдырып, ителгилерди ойноткон көрүнүштөрдү биринчи жолу көрүп аткан арабдар бар экен.

— Жаа атуу өнөрү боюнча сиздерден башка улуттар катыштыбы?

— Коңшу мамлекеттерден фестивалга өнөктөш катары келишти. Бизден 2 миңдей киши барса, башка өлкөлөрдөн бирден гана команда келди. Алар спорт оюндарынан күрөш боюнча гана ат салышты. Жаа атуу боюнча кыргыздар эле катышып, 15тей жаачы кыз жөө туруп, тизелеп, артты карап, көргөзмө катары гана өнөрүбүздү көрсөттүк.

— Ат үстүндө жаа аттыңыздарбы?

— Жок, арабдардын аттары абдан шок болот экен. Андыктан, этияттап, кыздар ат минген жокпуз.

— Шок аттар тууралуу айтып калдыңыз, кесиптешиңиз Асланайым Аширова аттан кырсыктап жыгылганда кайда элеңиз? Окуяга күбө болдуңузбу?

— Асланайым Аширова «Салбуурун» федерациясы менен бирге барган кесиптешибиз. Ал кулаган маалда мен жанында болчумун, бирок кандай келип урунганын өз көзүм менен көргөн жокмун. Окуя көз ачып жумганча болду. Мен анын артында болчумун. Келсем жерде жаткан экен, тез жардам алып кеткенге чейин жанында турдум.

Бул эми кырсык, азыр кесиптешибиздин абалы жакшы, Кыргызстанга чогуу келдик.

— Көркөм гимнаст Аида Акматова менен Асланайым Ашированын ортосундагы пикир келишпестик тууралуу айрым ЖМКлар жазып жатат, сиздин кесиптеш катары адилет пикириңиз барбы?

— Аида Акматова жана Светлана (Асланайым) Аширова экөө менен тең сый мамиледемин. Ортосунда кандай келишпестиктер бар билбейм. Бирок, айтарым, кырсык айттырбай келет, Светлананын ордунда ошол жактагы спортчу кыздардын ар бири, мен дагы болуп калышым мүмкүн болчу.

Жабыркаган кесиптешибиздин абалын сурап биздин федерациянын башчысы ооруканага барып кабар алып жатты. Жеке биз тилекке каршы Эр-Рияддан алыс болгонубузга байланыштуу, бара албай калдык. Унаа каттамынан да маселе жаралды. Федерация башчысынын айтымында, кесиптешибиз кырсыктан кийин 1-2 күн каралбай калды. Себеби 1-күнү анализ алып, кийинки күнү анын жыйынтыгын күтүү болгон. Эми Светланын деле түшүнсө болот, бөтөн жерде оор абалда жатса дарыгерлер жообун чыгарып келгенче сарсанаа болуп атты да. Анын үстүнө Кыргызстандын өкүлдөрү дагы фестивалдын ачылышы менен алек болуп, дароо бара алышкан жок.

— Өнөрүңүздүн аркасы менен Арабиядан башка чет жакка чыгып келгенсизби?

-Жок, азырынча башка чет жакка чыга элекмин. Алдыда жайында Түркияда «Фетих купасы» деген чоң фестиваль өтөт, тандоо туруна илинип калган 5 киши барат. Ошого аракеттенем.

Аяна Кадырбекованын жеке архивинен алынды
Фото Аяна Кадырбекованын жеке архивинен алынды

— Спортто адилетсиз мамилеге тушуккансызбы? Мисалы, атаандаштык, калыссыздык дегендей...

— Бизде (жаа атуу тармагында) жалпысынан эч кандай коррупция жок, тааныш, тууган деген түшүнүк да болбойт. Ар кайсы 7 облустун өкүлдөрү чогулганбыз, бир туугандай болуп калдык. Бутага кимдин жебеси тийип атканын баарыбыз айдан ачык көрүп турабыз.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна тандоо турунда мен ат үстүндө буга чейин катуу даярдангам. Ошол жактан оюн калыссыз өттү.

Мисалы, жебе адамдын бактысына жараша деле бутага сайылып калышы мүмкүн. Даярданып жүргөн мен өтпөй, жебеси кокусунан эле бутага сайылып калган эжекени өткөзүп коюшкан. Ошол агай азыркыга чейин «сени өткөрбөй туура эмес кылгам», -деп өкүнүп жүрөт.

— Өзүңүз ат минип чоңойгонсузбу?

— Талас облусуна караштуу Кең-Арал деген айылда ат минип чоңойгом.

Аттан 2 жолу жыгылып, биринчисинде жаракат алган эмесмин. Кийинкиси 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярданып жатканда болду, атым үркүп кеткен. Жанымда эч ким жок болчу, секунда арасында көзүмдү ачсам ат сүйрөп баратыптыр. Денем айрылып, бетим, колдорум тытылган. Иш-чаранын тандоо туруна көздөрүм шишип, көгөрүп барганмын.

Аяна Кадырбекованын жеке архивинен алынды
Фото Аяна Кадырбекованын жеке архивинен алынды

— Көк бөрү оюунун көрүп жүрөбүз, көп учурда улакчыга аттары жардамга келип, аркасын салып, же жөөлөп ээсине колдоо көрсөтөт. Сиздерде бул жаатта кандай, жаачыларга атайын арналган аттар берилеби?

— Тилекке каршы ар бир иш-чарада ар чыккан сайын ар башка ат берилет. Болбосо өзүбүзгө деп арналган ат болсо мүнөзүн билип калат элек. Бизге айылдагы улактын аттарын беришет, кайсыл ат туш келсе ошону минип кете беребиз. Жаныбардын сырын билбегендигибиз дагы жеңишке жетүүгө тоскоолдук түзөт.

— Эми жаа тууралуу сүйлөшсөк, жаа өзүңүздүкүбү?

— Ар бирибизде саадак, ок, жебе болуш керек. Антпесе мелдешке катыша албайсың. Жааны жасаган өлкөлөр көп, Кытай, Корея, Венгрия. Мен «орхан» деген Украинанын жаасын колдонуп жүрөм.

Жааны өзүбүз 20 - 30 миң сомго чейин сатып алабыз. Аны жакшы колдонсоң 2-3 жылга жетет.

Жаанын бара-бара күчү жоголуп, бошоп, жакшы учпай калат. Аны иштетпесең дагы жарабай калат. Кермесин тагып, чойгулап, ок атып туруш керек.

Негизи колду көндүрүп, жумасына 3 жолу жаа атып турса жакшы. Азыр убакыт тар болгондугуна байланыштуу, 1-2 жолу гана машыгам.

— Атайын машыгуучу жай барбы?

— Федерация бизге атайын машыгуу жайын ачып берген эмес. Өзүбүз демөөрчүлөрдү издеп, келишим түзүп бир мектептин залын ижарага алганбыз. Келишим боюнча өзүбүз да машыгабыз, алардын балдарын да үйрөтөбүз. Бизге мамлекеттен да, федерациядан да жардам жок, демөөрчүлөр ата-энелер, туугандарыбыз. Кээ бир демөөрчүлөргө кайрылсак ар кандай ойлоп калышат, андыктан уялабыз, намысыбыз жол бербейт.

— Сөз соңунда «Төө фестивалына» кайра кайрылсак, жергиликтүү арабдар сиздей сулууларга көз артып, алып калабыз дегендери болдубу?

— Биздин агайлар дагы «шейхтер алып калабыз дешсе эмне кыласыңар?» деп тамашалап сурап калышты. Менин угушумча, сунуш кылгандар болуптур. Кыргыздын кыздарына суктанышып, баштарын буруп карап жатышты. Андай сунуш жеке мага болгон жок. Болсо деле калбайт болчумун.

Эң көп окулган жаңылыктар