10:07
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бир суткада кызамык менен 5 бейтап кайрылып, бардыгы ооруканага жаткырылган

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (18.03.19ж.) 223 бейтап кайрылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Кайрылгандардын ичинен 143ү жаш балдар. Кайрылгандардын 72си ооруканага жаткырылган, алардын 57си жаш балдар. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 60 адам кайрылса, алардын 27си ооруканага жаткырылып, 33 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Кызамык менен 5 бейтап кайрылып, бардыгы ооруканага жаткырылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби