15:56
USD 87.45
EUR 91.44
RUB 0.96

Кыргызстанда кызамык оорусу боюнча абал курч бойдон калууда

Учурда өлкөдө кызамык оорусу боюнча абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, ооругандардын негизги өсүшү Бишкек шаарында байкалууда, анда вирус стационардык очоктордо байланышта болгондор арасында активдүү жайылып жатат.

«Акыркы жылдары балдарды эмдөөдөн баш тартуу учурлары көбөйүп жатат. Бул көрүнүш балдардын ден соолугуна олуттуу коркунучтарды жаратууда. Эмдөөдөн өтпөгөн балдар жугуштуу ооруларга чалдыгып, оорунун жайылышына себепкер болушууда», — деп белгилешти министрликтен.

2023-жылдын аягына карата республика боюнча кызамык оорусунун 7 046 учуру, 2024-жылы 14 миң 380 учуру катталган. Ал эми жыл башынан бүгүнкү күнгө чейин 1 104 учур катталган.

«2023-жылы 22 миң ата-эне балдарын эмдетүүдөн баш тартса, 2024 -жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча, 16 миң 408 ата-эне балдарын эмдетүүдөн баш тарткан», — деп маалымдашты министрликтен.

Ошондой анын негизги себептери эмдөөдөн баш тартуу экендиги белгиленди.

Эң көп окулган жаңылыктар