16:04
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Марттан баштап 12 734 жол эрежесин бузуу жөнүндө токтом иштелип чыккан

2019-жылдын 4-мартынан баштап 12 734 жол эрежесин бузуу жөнүндө токтом иштелип чыккан, алардын ичинен 5 686сы дарегине жеткирүү үчүн почта органдарына өткөрүп берилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Иманалы Саркулов «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи фазасын ишке ашырууга даярдык көрүү маселеси боюнча кеңешмеде айтты.

«Унаа айдоочулар арасында кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жаралган бардык юридикалык маселелер боюнча жарандарды кабыл алуу жүрүүдө. «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы жол эрежелерин бузуулар жөнүндө токтомдорду жеткире баштады. Ошону менен бирге марттын башынан бери жолдордо жол кырсыктарынын азайышы, ошону менен бирге өлүмдүн саны азайганы байкалууда. Жол кыймылынын катышуучулары жол кыймылынын эрежелерин сактай башташты», — деди Иманалы Саркулов.

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев белгилегендей, долбоордун экинчи фазасын ишке киргизүүнүн баштапкы белгиленген мөөнөттөрдөн бир аз кечигүүсү инженердик түйүндөргө аппараттык-программалык комплекстерди кошуу үчүн уруксат кагаздарын макулдашуунун создуктурулушуна байланыштуу болуп саналат. Бирок учурда келип чыккан маселелер чечилди.

Эң көп окулган жаңылыктар