13:32
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Жугуштуу оорулар ооруканасына бир суткада 205 бейтап кайрылган

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (12.03.19) 205 бейтап кайрылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кайрылгандардын ичинен 133ү жаш балдар.

«Кайрылгандардын 71и ооруканага жаткырылган, алардын 60ы жаш балдар. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 35 адам кайрылса, алардын 14ү ооруканага жаткырылып, 21 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн», -деп билдиришти министрликтен.

Кызамык менен 9 бейтап кайрылып, 8и ооруканага жаткырылган.

Эң көп окулган жаңылыктар