16:21
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Орусиянын жашоочулары менен мигранттар кызамыкка каршы эмдөөдөн өткөрүлөт

2019-жылдын 1-апрелинен баштап Орусиянын аймагындагы жашоочулар менен мигранттар кызамыкка каршы эмдөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Орусиянын укуктук маалымат порталы жазды.

Маалыматка караганда, эмдөө иштери ушул жылдын 1-окятбрына чейин жүргүзүлөт.

Аймактык бийлик вакциналарды сатып алып, буга чейин кызамыкка каршы эмделбеген эмгек мигранттарына дагы жасайт. Эске салсак, жыл башынан бери Кыргызстанда кызамык менен ооруган 900 учур катталган.
 
 
Эң көп окулган жаңылыктар