Владимирск облусунда өрттөн жабыркаган кыргызстандык жаран каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, элчиликтин юристи жана Кыргызстандын ИИМнин Орусиядагы өкүлү Владимирск облусуна жөнөп кетишти.
«Учурда сөөктү мекенине жөнөтүү боюнча керектүү документтер даярдалып жатат. Экинчи жабырлануучу Төмөнкү Новгород шаарында ооруканада жатат. Ал орто оордуктагы күйүккө кабылган», -деп билдиришти элчиликтен.
Эске салсак, 5-мартта «Русджам» ишканасында өрт чыгып 7 киши жабыркаган. Алардын экөө Кыргызстандык экени кийин маалым болду. Каза болгон жаран денесинен 80 пайыз күйүк алган.

