15:14
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Москвада өз наристесин сатып жаткан кыргызстандык келин кармалды

Москвада өз наристесин сатып жаткан кыргызстандык 23 жаштагы келинди полиция кармады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык жаран өзүнүн төрөлгөнүнө 6 күн болгон кызын бир миллион рублга сатууга аракет кылган. 

Келин интернетке жаңы төрөлгөн ымыркайын багып алуучуларды издеп жарыя калтырган. Анда ымыркайды 1 миллион рублга бере турганы жазылат. 5-мартта ал кызын сатып алгандардын колуна берип, акчасын алгандан кийин кармалды.

Билдирүүгө таянсак, наристени медициналык текшерүүдөн өткөрүү үчүн ооруканага жөнөтүлдү. Дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин балдар үйүнө өткөрүлүп берилет. Апасы биринчи суракта күнөөсүн моюнуна алганы кабарланууда.

Келин бул кадамын кокусунан кош бойлуу болуп калганы жана материалдык кыйынчылык тартып жатканы менен түшүндүргөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума