15:09
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Мектепке электрондук кезекке туруу» системасы 2,1 миң арызды кабыл алды

«Мектепке электрондук кезекке туруу» системасы 2,1 миң арызды кабыл алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова билдирди.

Айтымында, системаны ишке киргизгенден тарта белгилүү бир кыйынчылыктар жаралды, бирок аларды азыр жолуна коюшууда.

«Тизмелерди оңдоо боюнча ири жумуштар аткарылды. Системага баардык мектептин директорлору кире алышат. Азыркы тапта 2,1 миң арыз түштү, документтер каралып жатат», -деди Сауле Мейрманова.

«Эгерде чакан аймактарда кыргыз тилдүү билим берген класстар жок болсо, ата-энелер балдарын кайда окута тургандыгын өздөрү чечишет. Мисалы, № 26 мектеп 180 баланы кабыл алууга даяр. Азыркы тапта 178 арыз келип түштү», -деп кошумчалады ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума