13:29
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Жер көчкү коркунучу бар жерлерде азыр 4 миңге чукул адам жашайт

Жер көчкү коркунучу бар жерлерде азыр 4 миңге чукул адам жашайт. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов президент Сооронбай Жээнбековдун жеке кабыл алуусунда билдирди.

Айтымында, 1200гө чукул жерлерде сел жүрүү коркунучу бар.

«Коркунучтуу аймактардан калкты убактылуу жана туруктуу жашай турган жерлерге көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Каналдар тазаланып, дайралардын жээктери бекемделүүдө», -деди министр.

«Өзгөчө кырдаалдар коркунучтары жана коопсуздук эрежелерин сактоо тууралуу элге кеңири маалымат жеткирүү мамлекеттик органдардын ишинин маанилүү багыттарынын бири. Бул иш жаратылыш жана техногендик капсалаңдардын кесепеттерин азайтууга, биринчи кезекте адамдардын курман болуусуна жол бербөөгө, материалдык чыгымдарды азайтууга багытталышы керек», — деп белгиледи президент.

Эң көп окулган жаңылыктар