09:09
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Шайлоого даярдык. Чүйдүн мыктылары чогулуп, ресторанда чайлашты

Кечээ Солто уурусунун курултайы өттү. Аны «Ай тамга солто» коому уюштурду.

«Ала-Тоо» ресторанына Чүй облусунун мыктылары, аксакалдары, баш көтөргөн жаштары чогулушту.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мыктыбек Абдылдаев, Канатбек Исаев, Руслан Казакбаев, Динара Исаева, мурдакы премьер-министр Апас Жумагулов жана Темир Сариев, мурдакы төрага Алтай Бөрүбаевдер катышты. Андан тышкары, коомдук ишмердер, маданият кызматкерлери, бизнесмендер болушту.

«Бул жерде социалдык жана экономикалык маселелер айтылып жатат. Мен азыркы атаандаштык заманында өлкөнүн экономикалык кубаттуулугуна токтолдум», — деди Темир Сариев.

Курултайдын катышуучулары жыйындан саясат издебөөгө чакырышты.

Курултайда социалдык-экономикалык, кадр саясаты талкууланды. Соңунда чүйлүктөр мыкты жигиттери мамлекеттик кызматта иштөөгө даяр экенин айтып президентке кайрылышты.

Өкмөттөн Чоң Чүй каналынын түштүк тарабындагы курулушту улануутуну, дарыялардын боюна суу сактагычтарды курууну, Бишкек-Кара-балта жолун аягына чейин оңдоп чыгууну сунушташты.

Андан тышкары, Чүйдүн бир топ айыл-чарба жерлери Бишкектин жаңы конуштарына өтүп, суугат жери кыскарып кеткендиги белгиленди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума