16:09
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Ысык-Атанын тургуну жарандык аялын муунтуп өлтүрдү

Чүй облусунун 54 жаштагы тургуну жарандык аялын муунтуп өлтүрдү деп айыпталууда. Бул тууралуу 3-майда Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-майда милицияга Ысык-Ата районундагы үйлөрдүн биринде кыйкырык-сүрөөн болуп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя катталган жерге келген тартип сакчылары үйдөн киши колдуу болуп өлтүрүлгөн аялдын жансыз денесин тапкан.

54 жаштагы А.С. аттуу киши К.А. аттуу 31 жаштагы жарандык аялы менен жашачу. Ошол күнү экөөнүн ортосунда келип чыккан чатактан улам, жаран алды катуу сабап, муунтуп өлтүргөн.

Учурда жаран камакка алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Ага карата Кылмыш жаза кодексинин 97—беренесинин (Киши өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Эң көп окулган жаңылыктар