22:56
USD 69.40
EUR 81.11
RUB 1.02

Кантта чоң Чүй каналына түшүп кеткен жаран изделүүдө

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда чоң Чүй каналына түшүп кеткен жаран изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-мартта, саат 21:00 чамасында 1988-жылы туулган Канттын МН. аттуу тургуну чоң Чүй каналына түшүп кеткен.

Кечээ издөө иштери жүргүзүлүп, аба ырайы бузулганына байланыштуу 15:30да токтотулган.Бүгүн кайра издөө иштери улантылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар