15:57
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Чүй проспектисинин аталышы өзгөрдү. 7-апрель көчөсү пайда болду

Депутаттар Чүй проспектинин атын өзгөртүүнү колдоду. Мындай чечим бүгүн шаардык кеңештин отурумунда кабыл алынды.

Шабдан Баатыр көчөсүнүн Чүй проспектинен тартып, Бишкектин түштүк чек арасына чейинки бөлүгүн 7-апрель көчөсү деп атоо сунушталууда. Ал эми Чүй проспектинин Ауэзов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү Шабдан Баатыр проспекти деп аталат. Өзгөртүү 7-апрелдин атын өчүрбөй сактап калуу максатында жүргүзүлүүдө. Иш чарага бардыгы 120 миң сом сарпталат.

Эскерте кетсек, «24.kg» агенттигинин дээрлик көпчүлүк окурмандары Чүй проспектинин атын өзгөртүүгө каршы пикирин билдирип, аны ашыкча чыгаша деп баалашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар