02:21
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Мухаммедкалый Абылгазиев: 24 пайыздан кем эмес бизнес «көмүскөдө» турат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЖИА бизнес-ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушуп, ишкерлик чөйрөсүндөгү өтө зарыл жана актуалдуу маселелер талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

«Өкмөт тарабынан Ишкерлик кодексин иштеп чыгуу иштери башталды. Өткөн жылдан тартып салык процедураларын фискалдаштыруу иштери жүрүүдө. Биз товарларды каттоо канчалык маанилүү экенин жана ал коррупциянын деңгээлине канчалык таасир берерин жакшы билебиз. Бүгүн түрдүү баалоолор боюнча 24 пайыздан кем эмес бизнес «көмүскөдө» турат», -деди өкмөт башчы.

Ал билдиргендей, бүгүнкү күнү мамлекеттик сатып алуулардын басымдуу бөлүгү — өлкөгө импорттолгон товарлар.

«Өкмөт тарабынан ишкердик субъекттерди текшерүүгө 2 жылдык мөөнөттө мораторий киргизилди. Бул кадам мамлекеттик органдарды бизнес менен өз ара аракеттешүүнүн кыйла заманбап ыкмаларына өтүүгө өбөлгөлөйт», -деди өкмөт башчы.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума