20:10
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Баалардын төмөндүгүнөн энергокомпаниялар кейиштүү абалда турат

Баалардын төмөндүгүнөн энергокомпаниялар кейиштүү абалда турат. Бул тууралуу КСДП фракциясынын отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Айтымында, кошумча электр энергиясынын генерациясы жок алдыга коюлган тапшырмаларды ишке ашыруу мүмкүн эмес.

«Электр энергиясын колдонуучулардын саны өсүүдө. Жоготууларды кыскартуу үчүн акылдуу эсептегичтер орнотулууда. Аларды орнотууга чейин жоготуулар 22,3 пайызды түзчү. Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча 12 пайызга кыскарды», -деди Кубатбек Боронов.

Ал кошумчалагандай, төмөнкү тарифтер жана башка каржы булактарынын жоктугу компанияны кейиштүү абалга алып келди.

«Мындан улам, биз насыя алууга мажбурбуз. Электрдин өз баасы 1,40 сом», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар