08:28
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Жылдын акырына чейин Кыргызстандын баардык мектептери интернетке кошулат

Өлкөдөгү мектептердин 86 пайызы же 1857 мектеп интернетке кошулган. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргызстан: аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог»  аттуу маалымат жыйында айтты.

Калган 245 мектепти интернетке кошуу ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөт.

«Бул аймактарды санариптештирүүдө өтө чоң мааниге ээ. Калктын кеңири катмарында, өзгөчө айыл жерлеринде, жаңы технологияларды колдонуунун артыкчылыктарын түшүндүрүү үчүн кеңири масштабдуу иштерди жүргүзүү зарыл. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, калк арасына санариптештирүү саясатын жайылтуу иши — силердин түздөн-түз милдетиңер», -деди президент.

Эң көп окулган жаңылыктар