Былтыр Ички иштер министрлиги борбордук аппаратты кыскартуу аркылуу, аймактарда участкалык жана балдар менен иштөө инспекторлорунун санын жүз жыйырма бешке көбөйттү. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргызстан: аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу маалымат жыйында айтты.
Быйыл да ИИМдин участкалык жана балдар менен иштөө инспекторлорун аймактарда 300гө көбөйткөнгө планы бар.
«Жашоочулардын санына карата: шаар ичинде 3,5 миӊ жашоочуга 1 участкалык инспектор, айыл жеринде 4,5 миӊ жашоочуга 1 инспектор деген норматив бар. Бүгүнкү абал ар түрдүү аймактарда ар кандай, 1 инспекторго 4,5 миӊден — 7,5-8 миӊге чейин адам туура келет. Инспекторлордун санын талапка ылайык келтиребиз», -деди президент.