21:51
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Балдардын реабилитациялык борборунун бүтүрүүчүлөрү президентке ачык кат жолдошту

Бишкек мэриясынын алдындагы балдардын жана жаштардын реабилитациялоо борборунун бүтүрүүчүлөрү президентке ачык кат жолдошту. Анда алардын өз үйүндөй болуп калган борборду сактоо суранычы жазылган.

«Биз сизге акыркы үмүттөрүбүз менен кайрылып жатабыз. Биздин өз үйүбүздөй болуп калган борбордун тагдырын чечип берет деген ишеничтебиз. Биз көчөдө жашап, үй-бүлөөлүк очок эмне экенин билбей жүргөндө, аталган борбордо бизге үйдөгүдөй шарт түзүп беришкен. Кызматкерлер бизге өз ата-энебиздей мамиле жасап, ар бирибизге жакшы кам көрүшкөн. Эми болсо ата-энеси жок кичинекей балдарды үйсүз калтырган жатышат. Балдар бакчасын башка жакта деле ачса болот, жетимдердин үйүн сактоо керек», -деп жазылат катта. 

Эске салсак, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кароосуз калган балдардын реабилитациялык борборун жабууну чечкен. Бул тууралуу 24.kg агенттигине шаардык кеңештин басма сөз катчысы Мээрим Керимканова билдирди.

«Имарат начар абалда. Спорт зал менен ашканада сасык жыт бар. Мурда борбордо 80 бала тарбияланчу, арасында аймактардан келгендери да болчу. Кийин шаардык бюджеттен сырттан келген балдарга эмне себептен каражат бөлүнүшү керек деген суроо көтөрүлгөн. Андан кийин сырттан келген балдар башка мекемелерге жөнөтүлдү. Аталаган борбордо болгону 20 бала калган. Депутаттар мэрияга балдарды башка борборго которууну сунуштады. Жалдагы борбор 80 пайызга толгон, ал жакта шарттары да жакшы, балдар көчөдө калбайт», -деди Мээрим Керимканова.

Эң көп окулган жаңылыктар