08:33
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Поликлиникаларда оптимизациялаштуруунун жыйынтыгында 22 киши кызматтан бошотулду

Бишкектеги поликлиникаларда оптимизациялаштуруунун жыйынтыгында 22 киши кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин кадрдык иштер башкармалыгынын башчысы Анара Ешходжаева билдирди.

Айтымында, мындай кадам аркылуу бөлүнгөн мамлекеттик каражаттарды рационалдуу пайдалануу мүмкүнчүлүгү алда канча жөнөкөйлөштүрүлөт.

Ал билдиргендей, оптимизациялаштыруу иши административдик-башкармалык персоналдарга тийиштүү.

«Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунун штаттык бирдиги кенен. Факт боюнча 4 миң 296 киши иштеп жаткан, ал эми ставкалардын саны 4 миң 87 даана болгон. 2018-жылдын 1-декабрынан тарта 75 киши кыскартылды», -деп билдирди башкармалыктын жетекчиси.

Эң көп окулган жаңылыктар