04:45
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Коопсуз шаар. Кесилиш жолдорго жол чырактардын кошумча секциялары орнотулду

Бишкек мэриясы «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында кошумча секцияларды орнотуу боюнча ишти аяктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кошумча жол белгилери менен жол чырак объектилеринин секциялары төмөнкү даректерге орнотулду:

— 7-Апрель — М.Горький ( кошумча секция, солго бурулуу, түндүктөн түштүккө, 4 тилке);

— Курманжан Датка — Чүй (жол чырактар жылдырылды, кошумча секциялардын иштөө убактысы көбөйтүлдү);

— Чүй — Фучик ( экинчи тилкеден солго бурулуу, батыштан чыгышка).

Чүй жана Киев көчөсүнүн ортосундагы Исанов көчөсүнүн батыш бөлүгүндө кыймылды азайтуу үчүн «Токтоого тыюу салынат» деген белги орнотуолду.

Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилишинде экинчи стоп-линия алынып салынды.

Мэриядан билдиришкендей, марттын биринчи декадасында долбоордун экинчи этабы башталат. Анын алкагында шаардагы 9 кесилиш жолго атайын комплекс орнотулат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума