Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өзүн Коррупцияга каршы кызматтын өкүлүмүн деп алдап акча алып жүргөн кишини кармады.
Маалыматтарга караганда, 38 жаштагы киши УКМКнын жасалма күбөлүгүн колдонуп, Талас облусу боюнча Жол-эксплуатациялык башкармалыгынын № 3 аймактык бөлүмүн мыйзамсыз негизде текшерүүгө аракет жасаган.
Ал маал-маалы менен аймактардагы мамлекеттик мекемелерди текшерип, «мыйзам бузууларды ачыкка чыгарбайм» деген шылтоо менен пара алып турган.
Шектүү Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал жалган документ жасоо жана колдонууга айыпталууда.