06:00
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Унаа» ишканасы үчүнчү өлкөдөн келген унааларды бажы төлөмүн албай каттаган

Мамлекеттик каттоо кызматынын «Унаа» ишканасында автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз эсепке коюу боюнча корупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Маалыматка караганда, Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдарына карата козголгон кылмыш иштери боюнча тергөөнүн жүрүшүндө мекемедеги коррупциялык схемалар аныкталган. Негизинен бажы биримдигине мүчө эмес (Прибалтика, АКШ, Грузия) өлкөлөрүнөн КР аймагына ташылып келинген транспорт каражаттарын, бажы төлөмдөрү алысбастан киргизген.

УКМК органы тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ушул жылдын июль айынын башында Кыргызстанга айтылган коррупциялык схема менен алынып келинген «Лексус» жана «Шевроле» маркасындагы 2 авто унаа кармалды. Андан 2 миллион 608 миң сом зыян келтирилген.

Унааларды мыйзамсыз каттоо боюнча коррупциялык схемаларга катыштыгы бар тараптар жана аларга тиешеси бар МКК кызматкерлерине карата текшерүү иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума