16:41
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери пара менен кармалды

Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы Аскер прокуратурасы менен биргеликте 50 миңсом пара алып жаткан учурунда УКМК кызматкери Н.А. кармады. Ал жүрүп жаткан текшерүүнү токтотуу үчүн 350 мин сом пара талап кылган.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү жана 326-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктун боюнча материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Эң көп окулган жаңылыктар