20:01
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо агенттиктин башчысы кармалды

Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин башчысы Абдыкалык Рустамов УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.

Ага кандай айыптар тагылганы жана эмне үчүн кармалганы тууралуу маалыматтар азырынча белгисиз. УКМКнын басма сөз кызматы маалыматка эч кандай түшүндүрмө бере элек.

Айрым маалыматтарга таянсак, Абдыкалык Рустамовду бүгүн өз үйүнөн кармап кетишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар