19:06
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Президент аймактарды өнүктүрүүгө багытталган иштерин айтып берди

Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында Кыргызстанда кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Кадамжай районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда айтты.

Мамлекет башчысы жалпы региондор өнүккөндө гана Кыргызстан өнүгөт деп белгилеп, 2018-жылы региондорду өнүктүрүү багытында кандай иштер аткарылганына кеңири токтолду.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы элет жеринде ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү. Финансылык, кредиттик, бюджеттик саясат региондорго бурула баштады. Аймактарда жаңы жумуш орундарын ачууга өзгөчө көңүл бурулду.

Республика боюнча былтыр 500дөн ашык жаӊы ишкана ачылып, 6372 жумуш орду түзүлдү. Бизнести негизсиз текшерүүгө мораторий киргизилди.

Жаңы ишканалар текшерүүлөрдөн 3 жылдык мөөнөткө бошотулду. Айыл чарба продукциясын кайра иштеткен жергиликтүү ишканалар үчүн кошумча нарк салыгы 80 пайызга кыскартылды. Өлкөнүн экспорттук потенциалын көтөрүү максатында продукцияларды сертификаттоо жана стандартташтыруу боюнча жаңы лабораториялар курулууда, эскилери оңдоп-түзөлдү. 

Дотациялуу аймактарда ачылган, экспортко багытталган жеңил жана кайра иштетүүчү өнөр жайдын, энергетиканын жана жыйноочу өндүрүштүн ишканалары 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө пайдага, сатууга, мүлккө жана жерге салынчу салыктардан бошотулду. Технологиялык жабдууларды импорттогон ишкерлер бажы пошлинасынан бошотулду. Тигүү тармагындагы ишканалардын камсыздандыруу төлөмдөрү 27 пайыздан 12 пайызга төмөндөтүү каралып жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар