Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен жана Жалал-Абад облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн мамлекет башчы Баткен облусун, эртең Жалал-Абад облусун кыдырат.
Жумушчу сапардын алкагында президент Кадам-Жай районунун тургундары менен жолугушат. Ошондой эле Жалал-Абад облусундагы Сузактын эли менен кездешет. Аталган облустагы социалдык, билим берүү объектилерин кыдырмакчы.