09:57
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ташкентте Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча сүйлөшүүлөр өтөт

Жакында Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн жумушчу топ Ташкентке барат. Бул тууралуу парламент жыйынында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев билдирди.

Анын айтымында, жумушчу топ 2018-жылдын аягында түзүлгөн.

«Бул маселе боюнча алдын ала телефон аркылуу сүйлөшкөнбүз. Андан соң биринчи вице-премьердин катышуусу менен талкууланган», — Кадырбаев.

​2017-жылдын 5-сентябрында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, анда Камбар-Ата ГЭСин чогуу куруу боюнча кыргыз тараптын сунушун колдоого аларын жарыялаган.

Эң көп окулган жаңылыктар