Кыргызстана 1,5 миң көчөдө аталышы жок. Бул тууралуу калкты жана турак-жайды каттоо боюнча республикалык комиссиянын жыйынында айтылды.
Маалым болгондой, өлкө 29 миң көчө бар. Анын 5,3 пайызында аталышы жок.
Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн 11,7 пайызында, Ош облусундагы — 9 пайызында, Талас жана Баткендин — 6,7 пайызында ысым бериле элек.
Кыргызстанда 2020-жылы элди жана турак-жайды каттоо жүрөт.