21:28
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Мухаммедкалый Абылгазиев министрлерин ишке жарамдуу дейт

«2018-жылы биздин өкмөт ишке жарамдуулугун көрсөттү», — деп премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев министрлер кабинетинин бүгүнкү жыйында билдирди.

Ал өткөн жылы социалдык-экономикалык өнүгүү оңой болбогондугун, ага дүйнөлүк глобалдуу процесстердин таасири тийгенин айтты. 

«Кыйынчылыктарга карабай, биз жылды жакшы жыйынтыктар менен бүтүрдүк. Өкмөт жакшы саясат жүргүздү. Өлкөдө макроэкономикалык кырдаалды кармай алдык. ИДӨнүн  өсүшү 3,5 пайызды түздү», — деди премьер-министр.

Эң көп окулган жаңылыктар