09:49
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча 12 миң 600дөн ашуун учур катталды

Саат 12:00гө карата Жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча 12 миң 600дөн ашуун учур катталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине маалым болду.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы түшүндүрмө берүү үчүн жеткиликтүү болгон жок. Башкармалык азыркы тапта канча эреже бузуу болгондугу тууралуу маалымат бере албады. Баардык кызматкерлер жыйынга кирип кетишкен.

Бүгүн Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирди. Камералар жол кыймылынын эрежелери боюнча 7 эреже бузууну каттайт. Анда жол чырактын тыюу салган белгисине карабай унааны айдоо, каршы тилкеге чыгып унаа башкаруу, жолдун жээгинде, жөө адамдар баса турган ичке жолдордо, газондо жана веложолдордо унаа айдоо, жол чыракка жетпей жайгашкан линияга жетпей токтоо, катуу ылдамдыкта унаа айдоо сыяктуу эреже бузуулар каттоого алынмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар