00:32
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Ананьево айылында жалган маалымат тараткан кишиге айыппул салынды

Ысык-Көл облусуна караштуу Ананьево айылында жалган маалымат тараткан кишиге айыппул салынды. Бул тууралуу ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 32 жаштагы тургун милицияга бир канча сабап жатканын айтып чалган. Билдирүү каттоого алынган.

«Окуя болгон жерге милиция келип, мас абалдагы тургунду табышкан. Аны эч ким сабабагандыгы аныкталды. Ага карата протокол түзүлүп, 5 500 сом айып салынды», -деп билдиришти ОИИБдан.

Эң көп окулган жаңылыктар