Бурулай Турдалиеванын өлүмү боюнча кылмыш иши шаардык сотто каралат. Ага Марс Бөдөшөв Свердлов райондук сотунун чечимине нараазы болуп кайрылды.
Эскерте кетсек, райондук сот Марс Бөдөшевди Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси («Ала качуу») жана 97-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча 20 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесип, үй-мүлкүн конфискациялоого өкүм чыгарган.
Анын досу Акмат Сейитов Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси («Кылмыш кылууга көмөк көрсөтүү») боюнча 7 жылга эркинен ажыратылган.
Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.