07:11
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бурулайдын үй-бүлөсү Марс Бөдөшевду өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылды

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда 19-жаштагы Бурулай Турдалиеванын өлүмү боюнча соттук териштирүүдө жарыш сөз башталды.

Жабырлануучунун жактоочулары айыпталуучу Марс Бөдөшевду өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылышты.

«Марс Бөдөшев өз айыбын мойнуна алган жок. Ал жада калса Бурулайдын жакындарынан кечирим дагы сураган жок. Прокурор аны 23 жылга кесүүнү сунуштады. Бул аз», — деди жактоочу Назира Абдумуминова.

Эске салсак, 27-майда 19 жаштагы Бурулай кыз ала качуунун курмандыгы болгон. Ал Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Учурда Бурулайды алып качкан Марс Бөдөшев менен айдоочу Акмат Сейитовго айып тагылып, соттолууда.

Эң көп окулган жаңылыктар