17:40
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бурулайдын өлүмү. Бишкек шаардык соту 1-инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту киши колдуу болуп каза болгон 19 жаштагы Бурулай Турдалиеванын өлүмүнө шектүүнүн өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Эсения Рамазанова билдирди.

Айтымында, айыпталып жаткан Марс Бөдөшевди 20 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан. Кызды ала качууга катыштыгы бар делген Акмат Сейитов 7 жылга эркинен ажыратылды.

Эске салсак, былтыр 27-майда 19 жаштагы Бурулай Турдалиева ала качуунун курмандыгы болгон. Аны Жайыл РИИБнын имаратынан бычактап өлтүрүшкөн. Бирок, айыпталуучу кызды өлтүрбөгөндүгүн айтууда.

Эң көп окулган жаңылыктар