16:44
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Сапатсыз китептер. Билим берүү министрлигинин адистерине иш козголду

Башкы прокуратура Билим берүү министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы, Дүйнөлүк банктын жооптуу адамдарынын аракетинде кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдан билдиришти.

Алардын маалыматында, сапатсыз чыгарылган китептерден зыян 33 миллион сомго бааланууда. Башкы прокуратура «кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «алдамчылык» беренелери менен кылмыш ишин козгоду.

Китептерди басып чыгарууга Дүйнөлүк банк 16,5 млн доллар өлчөмүндө насыя жана грант берет. Анын 4 млн 168 миң доллары 5-6-класстар үчүн жаңы окуу куралдарды даярдоого сарпташкан.

Бул китептерди чыгарууну мойнуна алган «БК» ишканасы 2016-жылы 10-авустта келишим шарттарын бузуу менен, «Табият таануу» жана «География» китептерин басууну сынакка катышкан «И» деген ЖЧКга өткөрүп берген. А бул ишкананын квалификациялык көрсөткүчтөрү талаптарга такыр туура келбейт.

Ошол эле «БК» министрликтин мыйзамсыз талабын аткарып, Координациялык кеңешменин сынына толук китепти эмес, биринчи чейрек үчүн гана даярдалган авторлордун кол жазма вариантын алып келет.

Мындан сырткары аталган ишкана менен «Табият таануунун» автору 2012-жылы чыккан китептин көчүрмөсүн эле алып, жаңы китеп жазуу келишимин түзүшкөн.

«Ушунун баарына карабай Кыргыз билим берүү академиясы, министрликтин техникалык жана сынактык комиссиясы стандартка туура келбеген китептерди басууга уруксат берип салат. Жыйынтыгында 2018-жылы сапатсыз жана колдонууга мүмкүн болбогон китептер чыгарылат», — дешти прокуратурадан.

Эң көп окулган жаңылыктар