10:43
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Орусияда кыргызстандык жана өзбекстандык жарандарды атып өлтүрүп, өрттөп кетишти

Орусиянын Магнитогорск шаарында кыргызстандык жана өзбекстандык жарандарды атып өлтүрүп, өрттөп кетишти. Бул тууралуу News.ru басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, алардын денелери кичи автобус менен кошо өрттөлгөн. Эксперттердин айьтымында алар өрттөлгөнгө чейин эле атып өлтүрүлгөн. Каза болгондор Өзбекстан менен Кыргызстандын Махмуд Жумаев, Алишер Каимов жана Альмир Абитов аттуу жарандары экендиги аныкталды.

«Газель» үлгүсүндөгү унаа 1-январда Карл Марк көчөсүндө өрттөлгөн.



Эң көп окулган жаңылыктар