14:56
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Аламүдүн районунда милиция уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда милиция уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү досун бычак менен жарадар кылган.

Райондун нөөмөт бөлүмүнө ооруканага бычактан алган жаракаты менен жабырлануучу келип түшкөндүгү тууралуу маалымат жиберилген.

Милиция окуяга шектүү 46 жаштагы жаранды кармады. Алдын ала алынган маалыматка ылайык, шектүү менен жабырлануучу кырсыкка чейин спирт ичимдигин чогуу ичкендиги аныкталды. Алардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, үй ээси досуна бычак сайган.

Шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби