21:04
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Москвада кыргызстандык өспүрүм метродо рельске кулап кетип каза тапты

Москвада кыргызстандык өспүрүм метродо рельске кулап кетип каза тапты. Бул тууралуу Москвадагы «Кыргыз биримдиги» диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов Фейсбукка жазды.

Маалыматка караганда, каза болгон жаранды мекенине жөнөтүү үчүн каражат чогултула баштады. Каза болгон бала Жалал-Абад облусуна караштуу Октябрь айылынын тургуну болуп чыкты.

Эске салсак, 1-февралда Москвадагы «Сходненская» станциясында 2003-жылы туулган өспүрүм метронун рельсине кулап кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар